Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Отунбаева: Сот реформасын жүргүзө албай калганыма өкүнөм


"Кыргызстанда сот реформасын ордунан жылдыра албай калганыма өкүнөм", - деди бүгүн президент Роза Отунбаева ишин жыйынтыктаган маалымат жыйынында. "Бирок мында менин күнөөм жок. Жогорку Кеңеш сот реформасы боюнча мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек", - деп кошумчалады мамлекет башчысы. Былтыр 7-апрелде Роза Отунбаева баш болуп келген бийликтин элге берген убадаларынын бири өлкөдө таза сот системасы түзүү болчу. Быйыл жайында түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши жылдын аягына чейин Кыргызстандагы баардык деңгээлдеги судьяларды электен өткөрүп чыкмак. Бирок бул максат ишке аша элек. (RK)

XS
SM
MD
LG