Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Аба ырайы: 30-ноябрда жаан-чачын күтүлөт


Шашылыш билдирүү
29-ноябрдан 1-декабрга чейин кардын жаашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жолго чыкпоо сунуш кылынат.

Аба ырайы
30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар түшөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында шамал батыштан 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6 градус, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5.
Тоолордо түнкүсүн -17...-22 градус, ал эми күндүз -1...-6.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы түнкүсүн 2...4 градус суук, күндүз 5...7 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG