Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Орусия Сирияны ультиматум менен коркутууну токтотууга чакырды


Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай үндөөнү бүгүн жасады. Мунун алдыда кечээ АКШ менен Евробиримдик БУУнун Коопсуздук кеңешин Сирия режиминин соңку сегиз айдан берки демонстрацияларды басуу учурундагы мыкаачылыктарына жооп чара көрүүгө чакырган.

БУУнун Адам укуктары кеңешинин кечээги билдирүүсүнө караганда, Сириянын коопсуздук күчтөрү менен аскерлери президент Башар Ассаддын режиминин “жогорку деңгээлдеринен” берилген буйруктардан кийин адамзатка каршы кылмыштарды жасап, мунун ичинде адам өлтүрүүлөргө, кыйноого, зордуктоолорго барган. БУУнун эсебинде, март айынан бери үч жарым миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Араб өлкөлөрүнүн башын бириктирген Араб лигасы уюму Сирияга каршы санкцияларды киргизген. Коңшу Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглынын бүгүн телеинтервьюда айтканына караганда, эл аралык коомчулук эгер зарылчылык чыгып, жүз миңдеген адамдар зордук-зомбулуктан качууга аракеттенсе, Сирияда буффердик аймак түзүүнү чечүүсү мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG