Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:22

Зордукталган 5 жашар кыздын өлүмүнө шектүүнүн адвокаты алмашты


Ош шаарында быйыл жайында 5 жаштагы кызды зордуктап өлтүрдү деген шек менен камакка алынган Равшан Маматакуновдун адвокаты башка өлкөгө көчүп кеткенине байланыштуу иш башка адвокатка өттү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" жабырлануучу тараптын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди. Соттун кийинки отуруму 2-декабрда болот.

Кылмышка шектүү делген Равшан Маматакунов жана ага кызды чыгарып берди деп шектелип жаткан коңшусу Мавлюда Машрапова учурда Оштун тергөө абагында жатышат. Сот жараяны өткөн айда башталган болчу.

Равшан Маматакунов быйыл 29-июнда "Азаттыкка": "Мен зордуктап жатканда кыз тирүү эле. Бул кыз биринчиси эмес. Буга чейин деле ушундай кылмыш үчүн 16 жыл түрмөгө кесишкен. Жети жыл абакта жаттым", -деп айткан.

Адвокаттын айтымында, бул окуя былтыр Ошто чыккан улут аралык өзбек-кыргыз чатагына тиешеси жок. Соттолуучунун улуту татар. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG