Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Түштүк Осетиядагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


Мындай чечимди бүгүн Түштүк Осетиянын Жогорку Соту кабыл алды. Шайлоонун кечээ жарыяланган баштапкы жыйынтыктары Москва колдогон талапкер Анатолий Бибилов эл аралык коомчулук тааныбаган бул республиканын мурдагы билим берүү министри Алла Жиоевага уттурганын көрсөткөн.

Бирок Бибиловдун жактоочулары шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышкан. Жогорку Соттун төрагасы Атсамаз Биченовдун айтымында, шайлоо жыйынтыгы укук бузууларга байланыштуу жараксыз деп табылды.

Алла Жиоеванын жактоочулары бүгүн Түштүк Осетиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын кеңсеси алдында митинг өткөрүшүп, шайлоо жыйынтыгы өзгөрсө, аны тааныбай турганын билдиришкен.

Түштүк Осетия Грузиядан 1990-жылдардагы согуш учурунда ажырап кеткен. 2008-жылдын августунда Грузия менен болгон кыска согуштан кийин Орусия аны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. Бирок андан бери Москванын мындай чечимин саналуу эле өлкө колдоду.

XS
SM
MD
LG