Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

"Кыргыз руху” гезитинин ээси камакка алынды


"Кыргыз руху” гезитинин ээси Арстанбек Дүйшенбиевдин камакка алынганы айтылууда. Ички иштер министрлигинин кыска кабарында ал ири көлөмдөгү маңзат ташууга шектелип кармалганы белгиленет.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмоналиевдин айтымында, үстүдөгү жылдын 26-октябрында Кара-Балта шаарынын жанынан сыртка ташылып бараткан маңзат менен наркобарон кармалган. Анын "Мерседес" үлгүсүндөгү унаасынан 8,5 килограммга жакын героин табылган. ИИМ кармалган адамдын аты тергөө амалдарына байланыштуу аталбай турганын билдирүүдө.

Ал эми анын таанышынын үйүнөн Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын акчаларына оролуп, сатыкка даярдалып коюлган ар кандай көлөмдөгү героин, жасалма акча, тапанча алынган.

Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Бул факт боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы 247-берене (маңзатты мыйзамсыз сактоо, ташуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Аны иликтөө, тергөө учурунда “Кыргыз руху” гезитинин ээси Арстанбек Дүйшембиев шектүү катары каралып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрда кармалган.

- Иликтөө учурунда бул кылмышка тиешеси бар деп дагы бир киши кармалып атат. Аны бүгүн уктуңар.

- Бул Арстанбек Дүйшөмбиевби?

- Ошол экенин тастыктайбыз. Ал Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрда кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат. Ишти ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тергеп жатат.

Буга чейин Дүйшембиевдин иш бөлмөсү тинтүүгө алынып, бир нече ишканага тиешелүү мөөр, бир топ паспорт жана бычак менен кишен табылганы кабарланган. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмоналиев:

- Тинтүүдө жасалма мөөр, унаанын номурлары чыккан деп айтып атышат. Бул боюнча дагы кошумча маалымат беребиз. Азыр даярдап жатабыз.

Журналист эмес, ишкер катары таанымал

Ал эми “Кыргыз руху” гезитинин жамааты бул окуянын чоо-жайынан кабарсыз. Гезиттин башкы редактору Айзада Көчкөнбаеванын айтымында, тинтүү учурунда табылган бычактар белекке берилген сувенирлер болушу ыктымал.

- Так маалыматты азыр өзүбүз да билбейт экенбиз. Ал киши гезит чыккан күндөрү эле келип карап кетпесе, бул жакта дайыма болбойт. Көп учурда журналисттер өзүбүз чыгара беребиз. Ишенер, ишенбесибизди билбей отурабыз.

Өткөн бейшембиде тинтүү болгон. Ал учурда баңгизат чыккан жок. Мөөр жана башкалар чыкты деп атышпайбы, анын башка фирмалары барбы, жокпу билбейм. Ошондо мөөр менен сүрөттөрүн алып кетишкен. Иш бөлмөсүнөн чыккан бычактар белекке берилген сувенирлер болушу мүмкүн. Кишен менен бычак чыкты дегендери чын.


Дүйшембиев кыргыз журналистикасында белгисиз инсан. Аны башка гезитте иштеген журналисттер деле жакшы таанышпайт. Мисалы, “Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков аны журналист эмес, гезит ээси катары гана тааныйт. Ал эми “Жаңы агым” гезитинин баш редактору Аскер Сакыбаева Дүйшембиевди “Кыргыз руху” гезитинин жакында белгиленген 20 жылдык мааракесинде алгачкы жолу көргөн:

- Бул киши менин билишимче ишкер. Журналисттик чөйрөдө “Кыргыз руху” гезитинин кожоюндарынын бири катары белгилүү. Журналист катары белгилүү эмес.

Азырынча Арстанбек Дүйшембиевдин кармалышы боюнча медиа эксперттер маалымат таратып, өз пикирлерин билдирише элек. Ал эми өзү же адвокаты менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG