Президент Нурсултан Назарбаевге өлкөнүн эң жогорку – “Калк Кахарманы” сыйлыгын ыйгарууну караган сунушту бүгүн казак өкмөтү бекитти. Өкмөт жыйынында сунушту өлкөнүн юстиция министри Рашид Тусупеков айтып, өкмөт мүчөлөрү аны бир добуштан жактырды. Ал эми премьер-министр Карим Масимов, кабарларга караганда, керектүү документтерге добуш берүүдөн соң дароо кол койгон.
Казакстандын эң жогорку сыйлыгы президентке өлкөнүн көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесине тушташ ыйгарылууда. Эгемендиктин 20 жылдыгын Казакстан 16-декабрда белгилейт.
Казакстандын эң жогорку сыйлыгы президентке өлкөнүн көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесине тушташ ыйгарылууда. Эгемендиктин 20 жылдыгын Казакстан 16-декабрда белгилейт.