Еврону колдонгон 17 мамлекеттин каржы министрлеринин жыйыны кечээ кечинде башталды. Алар Грецияга жардамдын кийинки бөлүгүн – 8 млрд.евро берүүнү – колдошту. Министрлер зонадагы экономикасы коркунучта турган башка мамлекеттерге да жардам берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Сөз оор карыз кризисине тушуккан Ирландия, Португалия жана коркунуч алдында турган Италия жөнүндө жүрдү.