Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:16

Пакистанда Би-Би-Синин программаларын көрсөтпөй коюшту


Пакистандын кабелдик каналдар ассоциациясынын президенти Халид Араин муну “Сырдуу Пакистан” деген даректүү тасма менен байланыштырды.

23-ноябрда Би-Би-Си расмий Исламабаддын терроризмге каршы күрөшүнүн натыйжалуулугун сынга алган “Сырдуу Пакистан” аттуу документалдык программасын көрсөткөн болчу.

Би-Би-Синин билдирүүсүндө айтылгандай, ал программада Пакистандын террористтерге каршы күрөшүнөн майнап болбой жатканы жөнүндө ЦРУ менен батыштык дипломаттардын аргументтери иликтенген.

Британиянын корпорациясы Пакистан бийликтеринин чечимин айыптады жана бул өңдүү чара маалымат каражаттарынын эркиндигине коркунуч келтирип, калкты эл аралык өңүттөн каралган бейтарап маалыматтан куру калтырат деп эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG