Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Кыз ала качууну азайтуу жагы талкууланат


Бүгүн Бишкекте "Достук" мейманканасында Акыйкатчы институтунун демилгеси менен кыз ала качуу маселелери боюнча талкуу болот. Акыйткатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чарага ала качуунун курмандыгы болгон келиндердин өздөрү да катышмакчы.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, кызды эркинен тыш ала качуу Кыргызстандын Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күч алган. Өлкөдө жылына 15 миңден ашуун кыз ала качуу болот жана мындай жол менен үй-бүлө кургандардын теңинен көбүнүн оту күйүшпөй ажырашып кетет. Быйыл эле ондой кыз ала качууга көнбөй өз жанын кыйган. Аталган институт кыз ала качууну тыюу боюнча 10-ноябрда бир айлык жарыялаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG