Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Отунбаева: Сотторду тазалоо көп убакытты талап кылат


Президент Роза Отунбаева ушу тапта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттарга жана элге кайрылуу жасап жатат. Сот системасын реформалоо маселесине токтолуп, мамлекет башчысы Кыргызстанда жаңыдан башталган сот-укук реформасы ордунан жылбай турганын айтып, бирок келечекте жаңы таза сот корпусу түзүлөөрүнө ишене турганын билдирди. "Бул тармакты реформалоого, адистердин айтымында, көп убакыт, бир топ жыл талап кылынат экен. Келечекте бул максатыбыз ишке ашаарына үмүт артам", - деди Роза Отунбаева.

Былтыр 7-апрелде Роза Отунбаева баш болуп келген бийликтин элге берген убадаларынын бири өлкөдө таза сот системасы түзүү болчу. Быйыл жайында түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши жылдын аягына чейин Кыргызстандагы баардык деңгээлдеги судьяларды электен өткөрүп чыкмак. Бирок бул максат ишке аша элек. Бүгүн Роза Отунбаеванын Кыргызстандын өткөөл мезгилинин президенти кызматындагы акыркы күнү. (RK)

XS
SM
MD
LG