Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу 1-декабрга чейин кечки саат алтыдан эртең мененки сегизге чейин Чүйдүн Жайыл районунун Сосновка айылынан Жалал-Абаддын Токтогул районунун Арал айылына чейин Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылууда. Кооптуу жерлерде карды аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, аттыруу иштери бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун Токтогул районундагы 223-чакырымында улантылат. Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолундагы кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иштери аяктады. (RK)