Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Ошто газ берүү токтотулду


Бүгүн Ош шаарындагы калктуу конуштарга газ берүү токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-мэр Рустам Мырзаматов маалымдады. Анын айтымында, 29-ноябрдан тарта Өзбекстандан келип жаткан газдын басымы 5 эсе азайып кеткен. Мунун натыйжасында газ бөлүштүрүү кыйынчылыктарды жаратып, турак-жайларга убактылуу газ берүү токтотулду.

“Буга чейин Өзбек тараптан газ саатына 3 700 кубометр өлчөмүндө келип жаткан. Кечээ миң кубометрге түшүп калды. Аны менен бүт шаарды камсыз кыла албайбыз. Ошондуктан газды жылуулук башкармалыгына берүүгө туура келип жатат”,- дейт Рустам Мырзаматов.

Адистердин айтымында, шаарды газ менен толук кандуу камсыздоо үчүн 5 000 кубометрден жогору болушу керек.

Бүгүн кошуна өлкө менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG