Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Батыровдун адвокаттары соттун чечимин кайра каратып жатышат


Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун адвокаттары облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Бул боюнча Жалал-Абад облсотунун бүгүнкү жыйыны тараптардын толук келбей калганына байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум 7-декабрга белгиленди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров жана дагы 5 адам былтыркы июн окуяларын козуткан, сепаратисттик ураандар менен чыккан, эл арасында башаламандык уюштурган деген айып менен быйыл 28-октябрда соттолушкан. Батыров интернеттеги маектеринде өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет. 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда кыргыз-өзбек этностор аралык жаңжал чыгып, 400дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG