Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Аба ырайы: 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт


Шашылыш билдирүү
29-ноябрдан 1-декабрга чейин кардын жаашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жолго чыкпоо сунуш кылынат.

Аба ырайы
1-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13,
Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 7...12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз 4...9,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3.
Тоолордо түнкүсүн -18...-23 градус, ал эми күндүз -5...-10.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 1...3, күндүз 10...12 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG