Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Келдибеков "Ата Мекендин" чечими боюнча сотко кайрылат


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков "Ата Мекен" фракциясынын бүгүнкү жыйынында ага карата айтылган айыптоолор боюнча сотко кайрылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" спикердин маалымат катчысы Асел Алиева билдирди. Анын айтымында, Келдибеков мыйзам чыгаруу ишмердүүлүк боюнча конструктивдүү сын айтылса, аны кабыл алууга даяр, бирок негизсиз айыптоолорго жол бербейт.

Бүгүн "Ата Мекен" фракциясы төрагага ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алды. Бул маселени жалпы парламенттик жыйынга алып чыгууну башка фракцияларга сунуштамай болду.

Фракциянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев Келдибековдун кызматынан пайдаланып сотторго кысым көрсөтүп жатканы, Кыргызстанга Казакстандан уулуу көмүрдүн алынып келишине тиешеси бар экени, жеке учак менен Орусияга жашыруун барып келгени, кылмыштуу топтор менен байланышы бар экени боюнча 15тей маселе бүгүнкү жыйында көтөрүлгөнүн "Азаттыкка" айтты.

Келдибеков "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев төрагалык орунду алыш үчүн ушундай ишти баштап жатканын журналисттерге айтты. Текебаев парламент төрагасы болууга умтулуусу жок экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG