Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Беларус: Д.Коновалов жана В.Ковалев өлүм жазасына тартылды


Беларус соту Дмитрий Коновалов менен Владислав Ковалевду өлүм жазасына тартты. Аларды сот 11-апрелде Минск метросунда болгон жардыруу үчүн жооптуу деп айыптады. Анда 15 киши набыт болуп, 200дөй адам жараат алган.

Сот бул экөөнү 2008-жылы Минскиде Эгемендик күн майрамдалып жатканда болгон жардыруу үчүн да күнөөлүү деп тапты. Бул жардырууну Лукашенконун бийлиги Беларустагы кырдаалды бейстабилдештирүү аракети деп мүнөздөгөн.

Сынчылар майрам күнкү жардырууну коопсуздук кызматтары уюштурган дешет. Адам укугун коргоочулар Коновалов жана Ковалевду катаал жазага тартпоого чакырышкан эле. Европада өлүм жазасы жалгыз Беларуста колдонулат.

XS
SM
MD
LG