Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Түштүк Осетияда саясий тиреш курчууда


Түштүк Осетиянын Борбордук шайлоо комиссиясына нааразы болуп келген адамдар асманга ок атып таркатылды. Президенттик шайлоодогу жеңиши жокко чыгарылган талапкер Алла Жиоеванын жүздөгөн колдоочулары соттун өкүмүнө нааразылыгын билдирип, ордолуу Цхинвалиде көчө жүрүшүн да өткөрүштү. Жикичил региондун парламенти Алла Жиоева 2011-жылы кайра өткөрүлчү президенттик шайлоого катышпасын деген токтом кабыл алган. Жиоева кабарчылар менен бүгүнкү кездешүүдө өзүн эл шайлаган президент деп билерин жана өкмөт түзөрүн айтты.

Москва шайлоодо Анатолий Бибиловду колдоду. Түштүк Осетия 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин Грузиядан өзүн күнкорсуз деп жарыялаган. Орусия 2008-жылкы Грузия менен болгон согуштан кийин Түштүк Осетияны эгемен мамлекет деп тааныган.

XS
SM
MD
LG