Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Британия ирандык дипломаттарды өлкөдөн чыгарат, Тегерандагы элчилигин жабат


Уилиам Хейг

Уилиам Хейг

Бул чечим шейшембиде Британиянын Тегерандагы элчилигинин имараттарына жасалган чабуулдан кийин кабыл алынды. Британ тышкы иштер министри Уилиам Хейг ирандык дипломаттар 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек деп буйруду.

"Вена конвенциясына ылайык, өлкө өзүндөгү башка мамлекеттин элчилигин кол салуудан коргоп, коопсуздугун толук камсыздашы керек. Иранда болгон окуя ошол талаптын орой бузулганын көрсөттү, - деди Лондондо тышкы иштер министри Хейг. - Бул өлкө үчүн өтө осол иш".

Британия Иранга ядролук программасы үчүн киргизген экономикалык санкцияларга жини келген студенттер шейшембиде Тегеранда британ элчилигинин айрым имараттарын ташбаранга алып, желектерин өрттөп салышкан болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG