Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Атамбаев бүгүн президенттик кызматка киришет


Бүгүн Кыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаев ант кармап, кызматка расмий киришет. Инаугурация аземине Түркия президенти Абдулла Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили, Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Раси-заде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышмакчы.

Ант берүү жөрөлгөсү бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Роза Отунбаева Кыргызстанды 1 жыл 8 ай башкарды. Өлкөнүн 20 жылдык эгемен тарыхында президенттик бийлик биринчи жолу тынч жол менен алмашып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG