Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

«Amnesty International» Беларусту өлүм жазасынан баш тартууга чакырды


«Amnesty International» уюму Беларуста метродо жардыруу уюштурган деп соттолгондордун өлүм жазасына өкүм этилишин кескин айыптады. “Эл аралык мунапыс” корунун билдирүүсүнө ылайык, метродогу жардырууну жасаган деп шектелген адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн сот иши акыйкат сот жөнүндөгү эл аралык стандарттарга жооп берген жок.

Уюм президент Александр Лукашенкону өз өлкөсүндө өлүм жазасына тезинен мораторий киргизүүгө чакырды. Кабарда айтылгандай, Беларус - Европада жана постсоветтик аймакта азырга чейин өлүм жазасы боюнча өкүм чыгарылып жаткан жалгыз мамлекет.

Беларустун Жогорку соту Минск метросундагы апрелдеги жардыруу үчүн соттолгон Дмитрий Коновалов менен Владислав Ковалевду күнөөлүү деп таап, кечээ өлүм жасасына өкүм кылган.

XS
SM
MD
LG