Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Transparency International: Дүйнөдө нааразылыктарга коррупция себеп болууда


Transparency International эл аралык уюму жаңы докладында “Дүйнөдө саясат менен коомдук сектордо коррупциянын тамыры улам тереңдеп баратат” деп билдирди. Баяндамада айтылгандай, көп аймактарда күтүлбөгөн массалык демонстрацияларга алып келген жагдай да коррупциянын айынан түзүлүүдө.

Жаңы иликтөөсүндө уюм 182 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген жана “системдүү коррупция кеңири жайылып, ага каршы күрөш жүрбөй жаткан аймак” катары Борбор Азия менен Ооганстанды атады.

Transparency International уюмунун башкаруучу директорунун орун басары Миклос Маршаллдын “Азаттыкка” айтканына караганда, эң эле оор кырдаал Өзбекстан менен Түркмөнстанда түзүлгөн десе болот. "Анткени бул жумурияттарда мамлекеттик органдар “билген намазын окуп”, эч кимге отчет бербейт, - дейт Маршалл. - Ал жакта саясий оппозиция деген жок, жарандык коом түзүлө элек, эркин медиа жок, иши кылып, булар жабык коомдор, ошондуктан өнүгүү да болбой жатат".

Баяндамага ылайык, Иран, Беларус, Орусия жана Украинадагы абал да көңүл жылытарлык эмес. Абал “өтө эле начар” делген өлкөлөргө уюм Иракты, Ооганстанды, анан эң аягында Сомалини киргизди.

Коррупция дээрлик жок же ага каршы күрөш мыкты жүрүп жатат делген өлкөлөрдүн катарында, мурдагыдай эле, Жаңы Зеландия жана Скандинавия жумурияттары турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG