Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Бүгүн сот Юлия Тимошенконун доо арызын карайт


Киевдеги апелляциялык сот бүгүн Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун апелляциясын карай баштайт.

Тимошенко Орусия менен газ боюнча келишим түзүүдө өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жети жылга кесилген. Анын адвокаты Сергей Власенко билдиргендей, бүгүн сотто карала турган башкы маселелердин бири – Тимошенконун баш коргоо чарасын өзгөртүү.

Адвокаттын айтымында, түрмөдө Ю.Тимошенконун ден-соолугу кескин начарлап кеткен. Батыштагы саясатчылар жана Евробиримдик бул иште “саясий өңүтү бар” деп, экс-премьерди боштондукка чыгарууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG