Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Бишкектин негизги көчөлөрүндө машиналар топтолуп калды


Бишкектин негизги көчөлөрүндө машиналар топтолуп, кыймылга тоскоол болуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаш Гвардия бульварынан чыга албай жаткан айдоочулар ачууланып билдиришти. Бир сааттан бери ордунан жыла албай жатканын айтышты.

Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктан кабарлашкандай, Бишкектин көчөлөрүндөгү бүгүнкү абал президенттик инаугурацияга байланыштуу болууда. Себеби бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери учурда Бишкекте болушууда. Алардын коопсуздугун жана жалпы эле инаугурация иш-чарасынын коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн жол кыймылы боюнча айрым чектөөлөр болуп жатат. Бул тууралуу шаар тургундарына эскертүү маалымат мындан бир нече күн мурда берилген. Бишкектин жана Оштун милициясы кечээ, бүгүн жана эртең күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Ушу тапта Улуттук филармониянын чоң залында Кыргызстандын жаңы президенти Алмазбек Атамбаевдин кызматка расмий киришүү салтанаты өтүп жатат.(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG