Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Аба ырайы: 2-декабрда жаан-чачын күтүлөт


Шашылыш билдирүү
Декабрдын 2синен 5ине чейин кардын жаашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жолго чыкпоо сунуш кылынат.

Аба ырайы
2-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,
Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6.
Тоолордо түнкүсүн -10...-15 градус, ал эми күндүз -6...-11.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот.Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с,

Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 2...4 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG