Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Cот абактагы экс-премьер Тимошенконун доо арызын кароодо


Бүгүн Киев шаарынын апелляциялык соту Юлия Тимошенконун доо арызын карай баштады. Бирок экс-премьер-министр айым ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок.

Тимошенко премьер-министр кезинде Орусия менен газ келишимин натуура бекитип, өлкөгө миллиондогон доллар чыгым келтирди деп айыпталып, жети жылга кесилген.

Тимошенко башындагы “Батькившина” партиясынын орун басар төрагасы Александр Турчиновдун кабарчыларга айтышынча, Тимошенконун ден соолугу абакта бир кыйла начарлап кеткен. Адвокаттардын сөзүнө караганда, экс-премьердин бели ооругандыктан баса албайт. Ал эми тарапкерлери Тимошенко тийиштүү медициналык жардам албай жатат дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG