8 жарым чакырымдык метро жолунда 7 бекети бар, кирүү акысы 80 тенге же 26 кыргыз сому турат. Метронун курулушу 23 жыл мурда 1988-жылы башталган. 1991-жылы СССР кыйрагандан кийин каражат тартыштыгынан улам курулуш токтотулган жана 2010-жылы кайра улантылган. Президент Нурсултан Назарбаев ошондо Алматыдагы метронун курулушун Казакстан төбөлсүздүгүнүн 20 жылдыгына бүткөрүүнү буйруган. Өлкө эгемендигинин 20 жылдыгын 16-декабрда майрамдайт.