Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Бишкек - Ош канжолу ачык


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиришинче, учурда Ош-Бишкек жолу ачык. Бирок тоодон карды атып түшүрүү уланууда.

Канжол өткөн жекшембиден бери маал-маалы менен убактылуу жабылып жаткан. 27-ноябрда Ала-Бел ашуусунун эки тарабында унаалардын узун тыгыны жаралганы кабарланган. Онго жакын тосмо бекеттери уюштурулган.

25-ноябрда Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшүп, бир унааны басып калган эле. Көчкү астында калган "Лексус" унаасынан үч адамдын сөөгү табылган. Алардын экөө Кытайдын, бирөө Кыргызстандын жараны. (EBM)

XS
SM
MD
LG