Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Грузия Кыргызстанга тажрыбайсынан бөлүшөт


Бул тууралуу Грузия президенти Михаил Саакашвилинин кеңешчиси Леван Тархнишвили "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Грузия Кыргызстанда башталган азыноолак реформаларды, анын ичинде Ички иштер министрлигинин реформалоо боюнча бир катар иштерди кубаттайт. Кыргызстанда толук кандуу реформа жүргүзүү керек болсо, Грузия реформанын артыкчылыктарын, кемчиликтерин Кыргызстан менен бөлүшүүгө даяр. Тархнишвили Кыргызстан менен Грузия ортосунда ишкерчилик, туризм өңдүү бир катар тармактар боюнча кызматташууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп өттү.

Кечээ Грузия президенти Михаил Саакашвили жетектеген делегация Кыргызстандын жаңы президенти Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземине келип катышкан. (KKS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG