Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкенине байланыштуу өкмөт башчылыкты тапшырды. Өлкө башчынын буйругуна ылайык, өкмөт толугу менен кызматтан чегинди, бирок жаңысы түзүлгүчө өкмөт мүчөлөрү милдетин аткарып турушат. Мыйзам боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановго тапшырылды.
Өкмөттү Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк түзгөн. Жакынкы күндөрү коалиция да тарашы ыктымал экени айтылууда. Буга чейин парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалиция жаңыртыларын “Азаттыкка” маалымдаган болчу. (EBM)