Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Бейопалык үчүн 12 жылга кесилген ооган аялы түрмөдөн бошотулду


Ооганстанда зордукталып, бирок “ала жипти аттады” деп 12 жылга түрмөгө кесилген аял президенттин ырайымы менен түрмөдөн бошотулду.

Президент Хамид Карзайдын аппаратынан билдиришкендей, бейопалык үчүн кесилген аял аны зордуктаган киши менен турмуш курууга макул болгондуктан президенттин кечиримин алды. Буга чейин сот ага зордуктаган киши менен баш кошууну сунуш кылганда аял ага макул болбой койгон.

Ал түрмөдө канча жатканы белгисиз. Жазасын өтөп жүргөндө кыз төрөгөн. Адам укугун коргоочулардын айтымында, Ооганстанда түрмөлөрдө жаткан жүздөгөн аялдар – сексуалдык зордуктун же үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктары.

XS
SM
MD
LG