Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Дүйнө жаңы экономикалык кризиске кептелиши мүмкүндүгү айтылууда


Бул тууралуу божомол Бириккен Улуттар уюмунун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн жаңы докладында айтылды.

Маалыматка караганда, 2010-жылы дүйнөлүк экономикада өсүш 4% түзгөн болсо, келерки жылы ал болгону 2,6% өсөт деп күтүлүүдө. Бирок, непада Европадагы карыз кризиси учурунда чечилбесе, өнүгүп жаткан өлкөлөр бюджеттеги чыгымды кыскартуу саясатын улантышса, анда дүйнө экономикасындагы өсүш андан да кем болушу мүмкүн.

Улуттар уюмунун баш катчысынын экономикалык өнүгүү боюнча жардамчысы Йомо Кваме Сундарам: "Биз азыр дүйнөлүк рецессиянын алдында тургандайбыз. Кандай болбосун, дүйнө экономикасында өсүш токтойт деген коркунуч жогору. Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасында бул проблема бар экенине ынанып эле калган элек, эми ал өнүгүп жаткан экономикаларда да байкалат окшойт", - деди.

Келерки жылы глобалдык экономикадагы өсүштүн негизги бөлүгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн экономикасына тиешелүү болот. Орусияда 2012-жылы экономикалык өсүш 3,9% түзөөрү, АКШнын экономикасы 1,5%, Евробиримдиктики болгону 0,7% өсөт деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG