Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Орусия Сирияга кемелерге каршы ракеталарды сатты


Бул тууралуу ысмы аталбаган дипломатка шилтеме менен “Интерфакс” маалымат агенттиги кабарлады. Азырынча кабарды Кремль тастыктай да элек, жокко да чыгарган жок.

Маалыматка караганда, Сирия режимине Орусия “Бастион” жээк бойлой жылып жүрүүчү комплексинин бир бөлүгү катары кемелерге каршы “Яхонт” деген үндөн тез учуучу канаттуу ракеталарды сатты. Канча ракета качан жеткирилгени тууралуу маалымат айтылган жок. Келишимдин жалпы көлөмү 300 млн. доллар экени кабарланды. “Анын жардамы менен эми Сирия деңиз жээктерин толугу менен сырттан келчү коркунучтан коргой алат”, - дейт атын атабаган маалымат булагы.

Орусия Сирияга “Бастион” комплексин сатаары тууралуу быйыл февралда өлкөнүн коргоо министри Анатолий Сердюков айткан болчу. АКШ менен Израил буга каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG