Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Социал-демократтар фракциясы коалициянын курамынан чыкты


Социал-демократтар фракциясы Жогорку Кеңештеги коалициядан чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" фракция лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 30-ноябрда кабыл алынган болчу. Турсунбеков алдыда жаңы милдеттер турганын жана азыркы коалиция өзүн толук кандуу көрсөтө албаганын айтты. Парламенттик коалициянын курамына Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан (КСДП) жана "Ата Журт", "Республика" партияларынан келген фракциялар кирген. КСДПны 1993-жылы азыркы президент Алмазбек Атамбаев негиздеген. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG