Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Муфтий Орусияда чарчап калган кыргыз наристелери боюнча маселе көтөрдү


Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин менен бүгүн Бишкекте жолугушту. Жолугушууда Чубак ажы Жалилов Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын чарчап калган балдарын мусулман көрүстөндөрүндө жерге берүүгө уруксат алууда жардамдашуу маселесин көтөрдү. Ошондой эле, жолугушууда КМШ мамлекеттеринин муфтийлер кеңешин түзүү, аймактагы түрдүү диний маселелер боюнча бирдиктүү чечимдерди кабы алуу тууралуу да сөз болду. Равил Гайнутдин өз сөзүндө Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдой турганын билдирди.

Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземине катышкан жана бүгүн да Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болот. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG