Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Каракол аэропортунда эл аралык каттам ачылды


Бүгүнтөн тарта Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы аэропортто эл аралык каттам иштей баштады. Кабарчыбыздын маалымдашынча, "Алматы - Каракол" каттамы менен коңшу Казакстандан 16 адам учуп келди. Караколдо күнүнө 2 миң адамды тейлей ала турган ири лыжа базасы бар. Шаардын аэропорту Союз кулагандан кийин иштебей калган. Жакында ал калыбына келтирилип, эл аралык деген статуска ээ болду. Кыргыз өкмөтү келечекте Өзбекстан, Орусия жана Кытай менен да каттамдарды ачууну көздөп жатат. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG