Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Келдибековдун тарапкерлери Бишкекке келишти


Өзүлөрүн Алайдан келген аксакалдарбыз деп тааныштырган 10дой адам бүгүн Бишкекте пресс-конференция өткөрүштү. Алар Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибековго карата каралоо жүрүп жатканын сындашты. Бул атайылап жасалып жаткан иш экенин айтышты. Социал-демократтар фракциясы парламенттин төрагасы KG унаа номерлерин мыйзамсыз тараткан деп айыптап, андан кийин "Ата Мекен" фракциясы 15ке жакын факт келтирип, Келдибековдун жүрүм-турумун сындаган. Бүгүн Келдибековдун кызматтан кетишин талап кылган акыйкатчы Турсунбек Акун да билдирүү таратты. Келдибековду спикерликке Социал-демократтар, "Республика" жана "Ата Журт" фракцияларынан турган коалиция сунуштаган болчу. Бүгүн ал коалициянын курамынан социал-демократтар чыгып кетишти. (RK)

XS
SM
MD
LG