Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

11 жаштагы Дастан мекендештеринен жардам күтөт


Кыргызстандын тургуну, 11 жаштагы Дастан Кыдырмамбет уулу мекендештеринен жардам күтөт. Дастандын апасы Жаңыл Алиева "Азаттыкка" кайрылып, уулу өз алдынча баса ала турган ортопедиялык аппаратты сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жатканын айтты.

Анын билдиришинче, буга чейин 5-6 жолу Москвага барып өз күчтөрү менен операция жасатып келишкен. Быйыл да ноябрда барып кезектеги операциясын жасаткандан кийин атайын аппаратты сатып алышмак. Бирок акчанын жоктугунан чыга албай жатышат.

Уулун айыктырыш үчүн 2003-жылы Нарындагы болгон үй-жайын сатып, Бишкекке келишкен. Учурда дачада жашашат. Жолдошу каза болуп калгандыктан, Жаңыл Алиева уулун жалгыз багат. Москвадагы хирургдар операцияга 200 миң рубл сурап жатышат. Мындан тышкары, жол киресине да акча керек.

Дастандын бир буту баспайт, көзү начар көрөт. Дарыгерлер ага "церебралдык параличтин оор формасы" деген диагноз коюшкан. Дастандын апасынын телефон номуру 0 554 139 601. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG