Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Германия жана Франция еврону сактоого чамданышууда


Германия канцлери Ангела Меркел бүгүн немис парламентинде Европадагы насыя кризиси жана евронун келечеги тууралуу сөз сүйлөйт. Кечээ Франция президенти евромейкиндикте финансылык тартипти орнотуу үчүн Франция жана Германия Евробиримдикке жаңы келишимди сунуш кылаарын жар салган.

Николя Саркози Франциянын Тулон шаарындагы сөзүндө еврону жана Евробиримдикти сактоо үчүн келерки апталарда Биримдиктин мүчөлөрү чечкиндүү кадамга барышы керек деди. Евробиримдиктин "өгүздөрү" эсептелген Германия жана Франциянын лидерлери орток сунуштарын Биримдиктин 9-декабрдагы саммитинде ортого салат. Грекия, Италия жана башка өлкөлөрдү борч кризиси еврону кунсуз акчага айланат деген коркунуч күчтүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG