Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Жиоева Кремлдин чабарманы менен кездешпейт


Түштүк Осетиянын президенттигине талапкер укугу ажыратылган Алла Жиоева Орусия президентинин чабарманы менен кездешүүдөн баш тартты. Жиоева Орусияны шайлоодогу атаандашын колдоду деп күнөөлөп, Кремль чабарманы Сергей Викокуров менен жолугуу үчүн анда эч кандай жүйөсү жок экенин билдирди.

27-ноябрдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жиоева атаандашын чоң айырма менен жеңген. Бирок Жогорку Сот анын жеңишин жокко чыгарган. Парламент кайра шайлоо дайындап, Жиоева өнөктүккө катышпасын деп чечкен. Жиоеванын колдоочулары парламент чечимин жокко чыгарбаса, мартка белгиленген шайлоону бузушаарын айтышууда. Алла Жиоева бүгүн билдиришинче, анын тарапкерлери нааразылык ирети жекшемби күнкү Орусиядагы парламенттик шайлоого катышпайт.

Түштүк осетиялыктарда Орусиянын да жарандыгы бар. Аймак 1990-жылдардын башында өзүн Грузиядан төбөлсүз жарыялаган. Москва 2008-жылкы Грузия менен болгон уруштан кийин Түштүк Осетияны эгемен өлкө деп тааныган.

XS
SM
MD
LG