Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Экс-президент Отунбаевага берилүүчү кепилдиктер аныкталды


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев экс-президент Роза Отунбаевага кепилдиктерди берүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Отунбаевага президенттик айлыктын 75 пайызына барабар акча ай сайын берилип турат. Ал өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрү менен, президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Дарылоо - ден соолукту чыңдоо бирикмесинин медициналык тейлөөсү менен камсыз болот. Отунбаева Бишкектин четиндеги мамлекеттик резиденцияда өмүр бою жашоого укуктуу. Ага айдоочусу менен унаа бөлүнүп берилет. Унаанын кара май менен камсыз болуп, техникалык тейленүүсү мамлекеттен болот. Отунбаеванын өзүнчө жеке жансакчысы болот. Ал аэропорт, вокзалдардагы расмий адамдар токтоочу жайлар менен акысыз пайдалана алат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG