Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Молдова парламенти 16-декабрда өлкө президентин шайлайт


Молдова парламенти президенттик шайлоону 16-декабрга белгиледи. Бул - өлкөдө эки жылдан берки президенттик кризисти чечүүгө багытталган бир айга жетпеген убакыт ичиндеги экинчи аракет. Катары менен эки мөөнөт бийликте отурган коммунист Владимир Воронин 2009-жылы президенттиктен кеткенден бери Молдовада мамлекет башчысы жок. Президентти өлкөдө парламент шайлайт. Ал үчүн талапкер 101 депутаттын 61инин добушун алуусу шарт. Башкаруучу "Европа үчүн алльянс" Молдова парламентинде 59 депутаттык мандатка ээ. Ал эми коммунисттерде 49 мандат бар.

XS
SM
MD
LG