Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

Пакистан аскерлери Ооган тараптын чабуулуна жооп берет


Пакистанга Ооганстан тараптан чабуул жасалса, аскерлер жооп кайтарат. Ооган чек арасындага Пакистан аскерлерине мындай уруксат 2-декабрда берилди.

26-ноябрда Ооганстан менен чек арадагы пакистандык аскерлердин бекетине НАТОлук күчтөр чабуул коюп, 24 жоокер мерт болгон. Бул окуя пакистандыктар арасында НАТО менен АКШга болгон кыжырданууну күчөткөн. Пакистан бийликтери айткандай, эки сааттай созулган аткылашууда аскерлер өздөрүн коргой албады деген суроо жаралууда.

Пакистан армиясы жума күнү жарыялаган билдирүүдө жоокерлердин өлүмүнө “байланыштын үзүлүп калганы” жана “түрдүү деңгээлдеги карама-каршылыктар” себеп болгону айтылат.

АКШ жана НАТО курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан. Бирок иликтөө аяктамайынча, Вашингтон расмий түрдө кечирим сурабайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG