Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Ош шаарында жаштардын жаңы борбору ачылат


Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаштар иштери боюнча министрликтин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова билдирди.

Найзабекованын маалымдашынча, Ош шаарынын жаштарынын башын кошуп, бош убактыларында компьютер иштөө, кошумча тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзө турган борбор эл аралык уюмдардын көмөгү менен ачылмакчы.

Буга чейин Жаштар иштери боюнча министрликтин ЮНИСЕФ, USAID өңдүү эл аралык уюмдардын кызматташуусу аркылуу өлкө боюнча 23 жаштар борбору ишке берилген. Алардын ичинен Нарын облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 9 жана Ош облусунда 8 жаштар борбору иштеп жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG