Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Прокуратура ВИЧтен жабыркагандарды кодулабоого чакырды


Башкы прокуратура ВИЧ/СПИДден жабыркаган адамдарды кодулоого байланышкан көрүнүштөр менен бирге күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы учурда ВИЧтен жабыркаган адамдарды кодулоо көрүнүштөрү байкалууда.

Башкы прокуратура мыйзамга ылайык, ВИЧтен жабыркаган адамдарды негизсиз жумушунан бошотууга, билим берүү мекемелерине албоого тыюу салынганын эскертип, жарандарды мындай кодулоо көрүнүштөрүн жашырбоого чакырды.

Буга чейин Бишкекте нааразылык акциясына чыккан ВИЧ менен жабыркаган балдардын ата-энелери ар кандай кемсинтүүлөргө туш болуп жатышканын билдиришкен эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG