Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Алайда Акматбек Келдибековду колдогон митинг өтүүдө


Алай районунун Гүлчө айылында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековду колдогон митинг өтүүдө. Алай районунун акиминин орун басары Мамашарип Мусаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 200гө жакын адам "Акматбек Келдибековду каралоону токтотууну" талап кылышууда.

Митингдин катышуучулары "Өмүрбек Текебаев, Данияр Тербишалиев, Дамира Ниязалиева жана бир катар депутаттар Келдибековду каралап жатат" дп эсептешет. Алар Ош-Эркештам унаа жолун тосушарын билдиришти.

Нааразылык акциясынын катышуучулары менен Алай районунун акими жолукканы кабарланды.

30-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү парламент төрагасы Акматбек Келдибековду "кызмат абалынан ашкере пайдаланат", "мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабайт" деген айыптарды коюп, ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG