Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Алайда митингге чыккандар тарады


Алай районунун Гүлчө айылында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековду колдоо үчүн митингге чыккандар тарап кетишти. Бул тууралу "Азаттыкка" Алай районунун акими Айтпай Жээналиев билдирди.

Акимдин маалыматына караганда, митингге чыккан 600гө чукул адам Келдибековду каралоону токтотуу жана Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кетирбөө талаптары менен президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылуу жолдошту. Митингдин катышуучулары 5-декабрга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Келдибековдон жана алайлыктардан кечирим сурашын талап кылышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG