Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Иранда Франциянын элчилиги кызматкерлерин азайтат


Бул аптада Тегерандагы британ элчилиги чабуулга кабылгандан кийин француздар элчиликтеги кызматкерлеринин санын убактылуу азайтат.
“France-Press” агенттиги Тегерандагы бир катар француз дипломаттары жана алардын үй бүлө мүчөлөрү убактылуу Ирандан чыгарыларын маалымдайт. Ошондой эле Иранда жүргөн башка франциялык жарандар дагы бул өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн экендигин атын атабаган булак маалымат агенттигине билдирген.

Өткөн шаршембиде Тегеранда британ эчилигине чабуул болгондон кийин Британия өз элчилигин жаап, кызматкерлерин чыгарып кетти. Ал эми Лондондон болсо ирандык дипломаттар өз мекенине жиберилди.

XS
SM
MD
LG