Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Киевде миңдеген адамдар катышкан митинг өттү


Украинанын ар кайсы аймактарынан келген 7 миңге чукул киши бийлик уруксат берген «Украина Януковичке каршы» деген оппозициялык акцияга катышты. “Биз президенттин ишмердүүлүгү менен макул эмеспиз. Ал карапайым адамдарды унутуп койду, бизди уккусу, көргүсү дагы келбейт. Шайлоо алдында берген убадасын ишке ашырган жок”, - деди митингчилердин бири.

“Өзгөрүүлөрдүн фронту” деп аталган оппозициялык партиянын активисттери учурдагы президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылган бир миллиондон ашуун жарандардын колун топтогон.

Парламенттеги оппозициялык депуттар калдайган кагазга жазылган митингдин резолюциясы менен 7 кызыл гвоздика гүлүн президенттик администрациянын кире беришине жеткирди. Бул тууралуу «Азаттыктын» украин кызматынын кабарчысы билдирет.

XS
SM
MD
LG