Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Карзай: Пакистан талиптер менен сүйлөшүүгө бут тосууда


Ооган президенти Карзай "Пакистан бийликтери талиптер менен сүйлөшүүгө алака түзүүгө көмөк көрсөтүүдөн баш тартууда", - деди немистердин "Шпигел" басылмасына берген маегинде .

Дүйшөмбүдө Германиянын Бонн шаарында Ооганстан боюча эл аралык конференция башталат, расмий Исламабад болсо ага катышуудан баш тартты.

Бонн конференциясында 2014-жылы эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки кырдаал кандай болоору талкууланат.

Буга чейин Ооганстандагы коопсуздук боюнча кеңешчи Дадфар Спанта Пакистандын аскерий жетекчилиги жол ачмайынча талиптер менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпай тургандыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG